2-3-августта тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

2-3-августта абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз:

— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

— турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

— Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

— мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.