Алматы-Тамчы аба каттамы иштеп баштайт. Бул боюнча “Манас” аэропортунан билдиришти.
Маалымат боюнча, 2-июлдан тарта бул каттам ишке кирип, Алматыдан биринчи рейс учуп келет. SCAT авиакомпаниясы Алматы-Тамчы-Алматы каттамы боюнча учууларды жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзүүнү пландаштырууда.
Учуу убактысы 40 мүнөт.