20-25-апрель күндөр аралыгында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 70-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.