20-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 20-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Чүй облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34.

Бишкек шаарында түнкүсүн +15…+17 градус, өткүн өтөт, күндүз +26… +28 градус болот.