Бүгүн, 3-майда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан маалымдашты.
Маркум менен коштошуу зыйнатына Ош мэриясынын, шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Ош шаардык ардагерлер биримдигинин, Ош аскер гарнизонунун, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү, ардагердин туугандары жана жакындары катышты.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев 1925-жылы 10-июнда туулган. Ардагер 18 жаш курагында согушка аттанып, Беларусь фронтунан Германияга чейин барып, 958-батольонунда кызмат өтөгөн. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган. Согуш мезгилиндеги жаракатынан улам 2-топтогу майыптык алган. Согуштан кийинки жылдары Ош пахта заводунда пенсия жашына чейин иштеген. Маркумдун артында 4 кызы, 3 уулу, 28 небереси, 52 чебереси жана 2 кыбырасы калды.
Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 1 жана оруктун 5 ардагери жашайт.
Казакстандын Алматы шаарында казак элинин көрүнүктүү акыны, жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнаты өттү. Акыркы сапарга...
23-апрелде Бишкек шаарында «Кыргызстан – аймактык хаб: Континенттерди бириктирүүчү" аттуу эл аралык транспорттук форум өтөт. Форумга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө...
Интернет мейкиндигинде медицина кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча квитанциянын сүрөтү “айлык көбөйгөндөн кийинки сумма” катары тарап, коомдо туура эмес түшүнүк жаратты....
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге...