20-сентябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 20-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактардын тоолуу райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28° жылуу болот.