2021-жылы кыялданган саякатым… Кыргыз мамлекети алдыңкы 12 өлкөнүн сап башында жер кезерлерге сунушталды

Улуу Британиянын The Guardian басылмасынын окурмандары «2021-жылы кыялданган саякатым» деп сунушталган өлкөлөрдүн сап башында Кыргыз мамлекетин аташты. Алар Кыргызстанды «идеалдуу стан» деп да атап коюшкан.

Мини Мартин аттуу окурман Кыргыз өлкөсүндө жер кезерлерге жакшы инфраструктура бар деген. «Бишкек — заманбап жана жандуу шаар, ал эми айыл-кыштактарынан көчмөндөрдүн жашоосун көрүүгө болот. Кыргыз мамлекети дүйнөдөгү эң кооз жана даамдуу улуттук ашканасы бар өлкөлөрдүн бири. Коронавирус илдетине байланыштуу эле болбосо, биз аталган өлкөгө барабыз», — деп жазган окурман.

Кыргыз мамлекетинен тышкары жогорудагы тизмеге Шотландия, Украина, Мавритания, Грузия жана башка окурмандар сунуштаган жайлар да кирген.