2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөн бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү 110 балл топтой алышкан эмес

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 58 миң 464 мектеп бүтүрүүчүсүнүн 69 пайызы гана катышканын билдирди. Тестирлөөгө катышкандардын ичинен 57 пайыз окуучулар 110 балл топтой алышкан эмес.

Ал техникалык адистиктеги кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, өлкөдө энергетика жана транспорт тармагында чоң долбоорлордун курулушу башталганын эскертти.