21-22-23-июль күндөрү Ысык-Көлдүн айрым көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Бул күндөрү Ысык-Көлгө Монголия президенти келери эскертилди. Эске салсак, 20-июлда Монголия башчысынын Кыргызстанга мамлекеттик сапары күтүлүүдө.
ЖКККББ мамлекеттик маанидеги бул иш-чара учурунда айдоочулардан жол жээгине машина токтотпоону, оор жүк ташуучу машина айдагандардан зарылчылык болбосо жолго чыкпоону жана жол эрежелерин так сактоону суранды.