21-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 21-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

 Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13… + 18, күндүз + 27… + 32,

Талас облусунда түнкүсүн +9… + 14, күндүз +24 … +29,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15… + 20, күндүз +29… + 34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10… + 15, күндүз + 22 … +27,

Нарын облусунда түнкүсүн +8… + 13 күндүз, + 22 … +27.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус болот.