21-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 21-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас, Ош, Баткен Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Талас облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус жылыйт.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнү 8…10°, күндүз 20…22° жылуу болот.