22-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 22-июлда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. 

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +32…+37;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +22…+27, күндүз +34…+39;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Нарын жергесинде түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38 градус болот.