22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет маалымдагандай, түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Аба ырайынын температурасы:

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын минималдуу температурасы түнкүсүн +12…+14°, максималдуу температурасы күндүз +25…+27°.