23-25-августта өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 23-августтан 25-августка чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз «112» кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат»,- деп айтылат маалыматта.