23-августка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 23-августта Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;

Талас облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +24…+29;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +26…+28 градус болот.