Эртең, 23-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүзгү +20…+22 градус болот.