Abank_oct
SerepTV Logo

Депутат Айсаракан Абдибаева: “Кылмышкерлер сөзсүз жазаланып, ал тургай жаза чаралары күчөтүлүш керек”

Депутат Айсаракан Абдибаева: “Кылмышкерлер сөзсүз жазаланып, ал тургай жаза чаралары күчөтүлүш керек”
 
Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсаракан Абдибаева баяндама жасап, 29-сентябрдагы тармактык комитеттин жыйынында сүйлөгөн сөзү боюнча кеңири маалымат берди.

Тагыраагы эл өкүлү айткан сөзү боюнча ар кандай такталбаган маалыматтар тарап жатканын белгилеп: “Биринчиден, комитетте мен сөз кылган маселе – менин жеке сунушум же жеке пикирим эмес. Парламенттин VII чакырылышында аялдарга карата жасалган зордук-зомбулукка каршы мыйзамдарды күчөтүүнү демилгелеген депутат катары бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле кылам. Бирок элдин өкүлү катары элдин кайсы катмары кайрылбасын алардын пикирин парламентте көтөрүп, талкууга салууга милдеттүүмүн. Ошондуктан, мага үстүбүздөгү жылдын май айында укук коргоочу коомдук бирикменин төрагасы Бекболот Калыбековдун жана мүчөсү Тахмина Куланбаеванын атынан кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууда алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин айрым беренелерине, тагыраагы 154төн баштап 158ге чейинки беренелерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин көтөрүшкөн. Ошол сунушту гана комитет жыйынында айтып, талкууга салгам”, – деди.

Тагыраагы Кылмыш жаза кодексинин 154-158-беренелерин колдонууну практикалык компетенттүү талдоо, ар бир кылмыштын конкреттүү жагдайларын жана өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ачык укуктук баа берүү менен жаза чарасынын жасалган жосунга шайкештигин камсыз кылуу тууралуу айтылып жатканын белгилеген депутат: “Бул кайрылуу мага эле биринчи жолу келип жаткан маселе эмес. Жарандар Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине да кайрылышкан. Алардын негизги максаты тиешелүү органдарга кайрылып, өздөрүнүн көйгөйүн түшүндүрүп, мыйзамдын ушул жагына укуктук жана илимий-практикалык жактан баа берүү болгон”, – деди.

Ага ылайык, комитетте көтөрүлүп, тиешелүү органдар менен бирге талкуулоо сунушу айтылганын белгилеген Айсаракан Абдибаева: “Бул жерде педофилдерге же кылмышкерге жазаны пробация берүү жөнүндө сөз болгон эмес, комитетте отурган катышуучулар баары күбө. Мен депутат, айрыкча аял жана эне катары өспүрүмдөргө зордук-зомбулук кылган кылмышкерге кантип жеңилдик сурамак элем? Тескерисинче мен кылмышкерлер сөзсүз жазаланып, ал тургай ошондой ыплас иштерге баргандарга жаза чаралары күчөтүлүш керек деген ойдомун”, – деди.
SEREP MEDIA