23-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 23-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22.

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +19…+21 градус болот.