Эртең, 23-мартта Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20,
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан болуп, күндүз күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +17…+19 градус болот.