Abank_oct
SerepTV Logo

Бишкекте көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 000 сомду түзөт

Бишкекте көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 000 сомду түзөт
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Полевой көчөсүнүн № 1/7 жана Достоевский көчөсүнүн № 97к даректериндеги көмүр базаларын кыдырды. Көчмө жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы көмүрдүн запасы жана базалардын кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты. Бүгүнкү күндө көмүр базаларында 10 миң тоннадан ашык көмүр бар.

Ошондой эле шаардагы жылуулук менен камсыздоо объектилеринин алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгы каралды. Айбек Жунушалиев шаардын отканалары толугу менен даярдалып, жылытуу мезгилинин башталышына даяр экенин белгиледи.

Бишкекте жалпысынан 38 көмүр кампасы иштейт. Алардын болжол менен 27-28и тиешелүү келишимдердин негизинде иш алып барат. Бул көмүрдүн запасына жана баасына көзөмөл жүргүзүүгө, ошондой эле аны шаар тургундары үчүн жеткиликтүү баада камсыз кылууга шарт түзөт. Шаар башчысы тургундарды көмүрдү суук түшкөнгө чейин күтпөстөн, алдын ала сатып алууга чакырды.

«Кыштын алгачкы кары жаагандан кийин дүрбөлөң жаралбашы үчүн көмүрдү алдын ала сатып алыңыздар. Кыш мезгилине өз убагында даярдануу зарыл», — деп белгиледи Айбек Жунушалиев.

Бүгүнкү күндө көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 000 сомду түзөт. Баа монополияга каршы жөнгө салуу талаптарына ылайык белгиленген. Көчмө жыйындын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга көмүрдүн жеткиликтүүлүгүнө жана баасына көзөмөл жүргүзүүнү улантуу, ошондой эле кыш мезгилинде борбор калаанын тургундарын жетиштүү көлөмдөгү отун менен камсыз кылуу тапшырылды.
SEREP MEDIA