24-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 24-апрелде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +1… +6, күндүз +11…+16;

Нарын дубанында түнкүсүн +1…+6; күндүз +9…+14;

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +21…+23 градус болот.