24-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 24-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Кээ бир жерлерде туман түшөт. 

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6

Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз  0…+5

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7

Бишкекте кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз  -1…-3° градус суук болот.