24.kg редакциясынын жетекчилери кылмыш ишинде күбө катары суралышты

24.kg редакциясынын башкы директору Асел Оторбаева, шеф-редакторлору Антон Лымарь жана Махинур Ниязова кылмыш ишинде күбө катары суралышты. Бул тууралуу аталган басылмадан маалымдашты.

Алар кечээ, 15-январда УКМКга сурак берип чыгышып, Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тил катына кол коюп бергенин айтышты.

24.kg маалымат агенттигинин редакциясында тинтүү жүрүп, кийин жетекчилерин унаага салып кетишкен. Көп өтпөй, УКМКдан редакцияга карата «согушту пропагандалоо» боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдашкан.