24.kg редакциясынын шеф-редактору Махинур Ниязова кызматтан кетти

Бүгүн, 18-мартта журналист Махинур Ниязова 24.kg редакциясынан кеткенин соцтармактагы барачасында билдирип, ашыкча сөз болбош үчүн эмне үчүн мындай чечимге барганын жазды.

Махинур Ниязова буга чейин аталган сайттын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишинде күбө катары өтүп жаткан.