25-июлдан тарта кыргызстандыктар Орусияга кирүүдө ПЧР-анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүүгө тийиш

25-июлдан тарта Кыргызстандын жарандары Орусия Федерациясынын аймагына кирүүдө ПЧР-анализдин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» уюлдук тиркемеси аркылуу көрсөтүшү тийиш. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-июлундагы № 1998 буйругу менен Орусия Федерациясынын аймагына Евразия экономикалык бирлигикке мүчө-мамлекеттердин аймагынан аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар ПЧР-анализдин жыйынтыгын тиркеме аркылуу көрсөтүү зарылдыгы тууралуу талап бекитилген.

Анализ Федерациянын аймагына кирүүгө үч күндөн эрте эмес мөөнөттө жүргүзүлүшү керек.

Орусияга үчүнчү өлкөлөрдөн Евразия экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттеринин аймактары аркылуу транзиттик жол менен же бир аз тыныгуу менен кирген адамдарга, эгерде алар ПЧР-анализинин терс натыйжасын, ошондой эле Россия Федерациясына чейинки маршрут боюнча билеттерди жана (же) отургузуу талондорун көрсөткөн шартта артыкчылыктар берилет.

2021-жылдын 1-сентябрынан тартып Азербайжан Республикасынан, Армения Республикасынан, Беларусь Республикасынан, Казакстан Республикасынан, Кыргыз Республикасынан, Молдова Республикасынан, Тажикстан Республикасынан, Түркмөнстан Республикасынан жана Өзбекстан Республикасынан Орусия Федерациясына аба түйүндөрү аркылуу кирген чет элдик жарандар жана жарандыгы жок жактар үчүн өтүүдө тиркеме милдеттүү болот.