25-июнда өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Эртең, 25-июнда өлкө боюнча күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырды.