26-июнга карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 26-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облуcунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37;

Талас жергесинде түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +18…+23, күндүз +34…+39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +35…+37 градус болот.