26 жаштагы келиндин жолдошу: «Мени жубайымды өлтүрүп туруп, асып койду» деп күнөөлөп жатышат»

29-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Чокморов көчөсүндөгү батирлердин биринде 26 жаштагы келиндин жансыз денеси асынган абалда табылган. Бул өлүм тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылды. Бул видеодо артында 3 баласы калган маркумдун бир туугандары жана жолдошу келиндин өлүмү тууралуу айтып беришти.

«Күтүлбөгөн жерде болуп кетти. Мен жаназага барбай калдым. Чоң күнөөм ошол болуп жатат. Мага жалаа жабуулардын сыры ошол болууда. Мен суракта болуп, өлүкканага бара албай, сөөктү талаша албай калдым. Айылга барып, топурак сала албай калдым. Интернетте мага карата жалган жабуу болуп жатат. «Аза күтүп жатсак» деп реакция берген жокмун. Бирок ал токтогон жок. Келип чындыкты айтып коёюн дедим. «Мени өлтүрүп туруп, илип койду» деп жатышат. Менин ал учурда кайда жүргөнүмдү камерадан караса болот», — деди жолдошу.