28-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 28-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу аймактарда карга айланат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8 , күндүз +20…+22 градус болот.