Эртең, 28-сентябрь түнкүсүн Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде ала булут каптап, жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градус жылуу болот.