Эртең, 3-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +8…+13;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +7…+12;
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +10…+12 градус болот.