3-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 3-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32.