3-класстын окуучусунун аквапаркта чөгүп, көз жумушу. Мектеп жетекчилиги ата-энелер менен биргеликте эс алуу уюштурушкан

Бишкекте 3-класстын окуучусунун аквапаркта чөгүп көз жумушу боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден маалымат беришти.

6-июнда болжол менен саат 11:00 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы ата-энелери менен биргеликте мектеп окуучуларына эс алуу уюштуруп, анда 3-класстын окуучусу бассейндердин бирине чөгүп кеткени аныкталган. 

Аталган факты милицияга каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө уланууда.