«3 күндөн кийин үйүнө кайтмак». Баткендеги чек арада каза болгон 20 жаштагы Умарбек Курманбеков жерге берилди

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылында Тажикстандын кол салуусунан курман болгон Умарбек Курманбековдун сөөгү жерге берилди.

Умарбек Курманбеков 2002-жылдын 23-марттында Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагынын Коткор айылында туулган, катардагы жоокер болчу. 2021-жылдын сентябрь айында аскерге чакырылып, 3 күндөн кийин кызматын өтөп үйүнө кайтып келмек. Баткен чек ара заставасынын № 2022 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жатып Тажикстандын агрессиялуу кол салуусунда курман болду.