Жаңы биометрикалык паспортту 42 миңге жакын Кыргыз жараны алды

3-майдан бери Кыргызстанда 41,5 миң адам жаңы үлгүдөгү чет элдик биометрикалык паспортторду алды. Бул тууралуу Каттоо кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, биометрикалык паспорт даярдатуу үчүн документтер 3-майдан тарта кабыл алынып баштаган. Андан бери 75 миң 650 адам документ тапшырган. Паспорттун баасы 885 сом турат. «Чет элдик биометрикалык паспортторду алуу үчүн документтер бардык калкты тейлөө борборлорунда, аймактык паспорт бөлүмдөрүндө жана Кыргызстандын чет элдеги мекемелеринде кабыл алынат», — дешти Каттоо кызматынан.