3-мартка карата өлкөдөгү аба ырайы

Эртең, 3-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;

Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5,күндүз +6…+11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +4…+6 градус болот.