«3 мүнөттө 150 миң сом алыңыз». Президенттин сүрөтүн колдонуп алдамчылык кылып жатышканы эскертилди

Социалдык тармакта кай бир алдамчылардын азыноолак кошумчасы менен карыз берүүнү сунуштаган жарнамасы жүрүүдө. Бул кезектеги көз боёмочулардын схемасы. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Ага ишендирүү үчүн президент Садыр Жапаровдун сүрөтүн колдонушкан жана бул ишмердүүлүк мамлекеттик долбоор катары сыпатталган. Андыктан айрыкча акча каражаттарына байланышкан маалыматтарды расмий органдардан тактап алууга чакырабыз. Алдамчылардын торуна илинип калбаңыздар», — деп айтылат маалыматта.