30-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 30-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +27…+32

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус ысык болот.