31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ниагара шаркыратмасы Кыргызстандын желегинин түсүнө боёлот.
Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен билдиришкендей, жарыктандыруу саат 22:30да башталып, 15 мүнөткө созулат. Муну Канада тараптан да, Америка тараптан да көрүүгө болот.