33 жаштагы Гүлназ Мурсакматова изделип жатат

Бишкекте 1988-жылы туулган Гүлназ Мурсакматова изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Гүлназ Мурсакматова 11-апрелде саат 12:30 чамасында Бакыт үйүнүн айланасынан адашып кеткен, ошол бойдон дайынсыз болууда. Ал экинчи топтогу майып.

Бою 156 сантиметр, чачы кара, узун. Кийген кийимдери: боз түстөгү водолазка, кара шым, кара түстөгү бут кийим.

Сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо, 0557 11-94-10, 0553 10-23-87, 0702 49-88-88, 0552 10-27-43, 0702 22-85-05 же «102» кызматына кабарлап коюңуздар.