«35-40 сомго чыкты». Жогорку Кеңеште нандын кымбаттап жатканы талкууланды

“Эмне үчүн нан, ун кымбаттап кетти? Нандын баасы 40 сомго чыгып кетиптир. Ун миң сомго кымбаттады”. Бул тууралуу депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттик комитет жыйынында билдирди.

«Ундун кымбатташы боюнча иш алып барбайсыңарбы?! Кампалар бошоп калууда. Көчөдө нан кымбаттап жатат. Ушуга окшогон иштер менен да алек болсоңор», — деди депутат.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Мамыралиев дан азыктарынын баасынын кымбатташына түшүндүрмө берди. “Өткөн бейшембиден баштап казак унуна карата баа өсүп баштады. Себеби, Казакстандан келген ундун көлөмү кескин түрдө кыскарды. Ошол жердеги сатуучулар кыргыз тарапка жөнөтпөй жатат. Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Өкмөткө сунуштарды бердик”, — деди Мамыралиев.