35 килограмм болгон 29 жаштагы жигит: «Келинчегим жуунтат, кийинтет. Мен ага ыраазымын»

Улан Съездбек уулу 29 жашта. 3 баланын атасы. Ал 12 жашында жол кырсыкка кабылгандан кийин булчуңдары азайып, кийин дээрлик жокко эсе болуп калганын айтат. “Мени жубайым жуунтат, балдарымды көтөрүүгө алым келбейт” деген каарманыбыздын баянын көрүңүз.

«Үй оокаттарына да жардам бере албайм. Акыбалым күндөн-күнгө начарлап, дарыгерлерден пайда деле жок болуп жатат. Колдорум суукта тоңуп калды. Ар дайым бирөө мени караш керек. Келинчегим жуунтат. Өзүм кийине албайм, кышында эшикке чыга албайм. 3 балам бар. Апам дагы ооруп, гемодиализ алат. Туугандар каралашат. Мага өкмөттөн берген акча жетпейт. Келинчегиме рахмат. 3 бала төрөп берди. Акыбалымды карап туруп, мага тийген. Азыр келинчегим айылда. Мен азыр дарыланып жатам. Балдарымды төрөт үйүнөн чыгарып жатканда атадай болуп көтөрө алган жокмун, бирок көтөргүм келет», — деди ал.