4-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 4-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7,

Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6,

Бишкекте түнү кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан жаашы күтүлүүдө. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +4…+6 градус болот.