4-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

4-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+35 градус ысык болот.