4-оорукананын ак халатчандары жаңы дайындалган жетекчиге каршы экени маалым болду

Бүгүн, 10-февралда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги мурдагы 4-оорукананын азыркы Тез жардам ооруканасынын басма сөз кызматы менен байланышканында, Сабырбек Жумабековдун өз ордунда иштеп жатканы, операцияларды жасап жатканы маалым болду.

Ал эми жаңы дайындалган башкы дарыгер Дамир Дүйшөновго эмгек жамаат каршы. «Дүйшөнов келе элек, ага эмгек жамаат каршы», — дешти оорукананын басма сөз кызматынан.