Бүгүн, 22-августта Ысык-Көл облустук билим берүү институтуна президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева облустук билим берүү институтунун иш тартиби менен таанышуу максатында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
«40 кызматкер жумуш ордунда жок. Саат 08:00дө иш башталганына карабай, Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун кызматкерлери жана жетекчилери ордунда болгон эмес Текшерүү учурунда 47 кызматкердин жетөө эле жумуш ордунда болгону аныкталды», — деп айтылат маалыматта.