«47 гектар жерге сейил бакпы?». Мэр «Ак куланын» ордуна парк курулсун» дегендерге жооп берди

Бишкек  мэриясы эски «Ак кула» ипподромунун жалпы аянты 45,73 гектар жер тилкесин аукционго коёрун билдирген. Мындан улам коомчулук «ипподромдун ордуна сейил бак курулса» деген ойлорун жазып чыгышкан.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев көпчүлүк кызыккан суроого жооп берди. «47 гектар жерге сейил бакпы? «Ак куланы» биз аукционго койдук. Көп кабаттуу үйлөргө, батирлерге муктаждык бар да. Ал муктаждыктарды чечиш керек», — деди ал.