«3 айга жабылат». Циркте капиталдык оңдоо иштери башталды

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада мамлекеттик циркке барып, имаратты капиталдык оңдоодон өткөрүүгө буйрук бергенин президенттин иш ашкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, имарат 1976-жылдан бери оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. «Азыр биз реконструкциялоону баштайбыз. Балдар жагымсыз жыт сезбеши үчүн биринчи кезекте вентиляция жана жылытуу системасын оңдоо керек. Баардыгы жаңы технология боюнча жасалат», — деди ал.

Туманбаев имарат 3 айга жабылып, кызматкерлер эмгек өргүүсүнө чыгарын билдирди. Кийинки жумада жетекчи белгилегендей, толук кандуу иш башталат жана ал 5 айга чейин созулат.