«5 бир тууганбыз. Бөбөктөрүм ачка» деген кыз президентке кайрылды

Социалдык тармактарда «5 бир тууганбыз. Бөбөктөрүм ачка» деген кыздын президенке кайрылган видеосу тарап жатат.

«Садыр ата (ред. президент Садыр Жапаров), ыйык Орозо айыңар менен. Атам ооруганга байланыштуу акчабыз жетпей жатат. Бизге 1 бөлмөлүү болсо да үй берип тургулачы, кийин чоңойгондо акча таап, беребиз. 5 бир тууганбыз. Бөбөктөрүм ачка, апамдын иштеген акчасына 1 эле нан келет»,- дейт видеодогу кыз ыйлап.