«5-курста окуудан чыгарылган». Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды

Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жасалма дипломдорду пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын жетекчиси тарабынан жасалма диплом колдонулуп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, ал 2005-жылдан бери аталган системада иштеп, жумушка орношууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин генерал-майор А.Алиев атындагы Академиясын бүтүргөндүгү тууралуу дипломун берген, бирок ал 5-курста (2003-жылы) окуу акысын төлөбөгөндүгү үчүн окуудан чыгарылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.